Темир жол жана монорельс: Бишкек Кытайдын тажрыйбасын караштырууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Кытай тарап төрт транспорттук компаниядан турган консорциумду сунуштады, анын ичинде долбоорлоочулар, подрядчылар, санариптештирүү жана инвестиция боюнча адистер бар.
Жолугушуу таанышуу мүнөзүндө өттү. Транспорттук түйүндөрдү жана темир жол линияларын ийгиликтүү өнүктүрүүнүн мисалы катары кытай тарап натыйжалуу транспорттук хабдын үлгүсү болгон Ханчжоу шаарынын тажрыйбасын көрсөттү.
Бишкекте темир жол линиясын жана монорельстерди курууда кызматташуунун келечеги талкууланды. Борбор калаанын муниципалитети бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча диалогду улантууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы транспорттук инфратүзүм жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам болду.