Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо: Бишкекте эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун В2В форматындагы жолугушуусу өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 13-отуруму өтүүдө.

Форумдун алкагында борбор калаага Ирандык 16 компаниянын өкүлдөрү келишти, алардын арасында кооперативдер палатасынын жана канаттууларды өстүрүүчү ишканалар тармагынын башчылары да бар. Алар үчүн Улуттук агенттиктин көмөгү менен Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун аянтчасында В2В форматында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай чөйрөсүндөгү ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо болду. Катышуучулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен ишканаларды түзүү жана продукцияларды экспорттоону илгерилетүү стратегиясын талкуулашты.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж. Жээналиев Ирандык ишкерлердин алдына чыгып, Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу презентация тартуулады. Ал белгилегендей, республикада либералдуу мыйзамдар жана салыктын төмөн ставкалары иштейт. Мындан тышкары, Кыргызстан Иранга тамак-аш азыктарынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияны сунуштоого даяр.

В2В форматындагы жолугушуулар аяктагандан кийин Иран делегациясы инвестициялоо үчүн потенциалдуу объектилерди карап чыгууга жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоого жөнөп кетти.