Кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фонду бардык инвестициялык долбоорлорду каржылоонун негизги таянычы боло алат

2023-жылдын 26-июлунда «Кыргызстан-Азербайжан» бизнес-форумунун алкагында Улуттук агенттиктин директору У.Т. Темиралиев менен AZPROMO башкармалыгынын төрагасы Юсиф Абдуллаев жолугушту.

Стратегиялык өнөктөштөр экономиканын ар кандай секторлорунда, анын ичинде соода, инвестиция, туризм, энергетика жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз-азербайжан өнүктүрүү фондунун алкагында 25 млн доллар капиталы менен ишке ашырыла турган конкреттүү долбоорлор белгиленди.

Ошондой эле, тараптар Фонддун биринчи жыйыны тууралуу сүйлөшүп, бир пилоттук долбоорду иштеп чыгууну макулдашышты.

У.Темиргалиев долбоордук каржылоо, мезониндик каржылоо же гибриддик каржылоо түрүндө каржылоонун жаңы инструменттери зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз экономикасы түз инвестициялар жана жеңилдетилген кредиттер жагынан жетишсиз каржыланган, ошондуктан Фонд үчүн бул уникалдуу мүмкүнчүлүк.

«Бул акча каражаттарын натыйжалуу жайгаштыруу, ошондой эле, Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык өз ара мамилелерге активдүү импульс берүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк, анда фонд негизги плацдарм, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бардык инвестициялык долбоорлорду каржылоо болушу мүмкүн», – деп да кошумчалады.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык ийгиликтүү улантылып, эки өлкөгө тең пайда алып келээрине ишеним артышты.