Кыргызстандагы бизнес-форумга Азербайжандан 60тай ишкер жана инвесторлор келди

2023-жылдын 26-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан Чолпон-Ата шаарында “Кыргызстан-Азербайжан” бизнес-форуму болуп өттү.

Иш-чаранын башында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Али Ахмедовдор сөз сүйлөштү.

Ал эми Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев жана Азербайжандын экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору Юсиф Абдуллаев эки өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Форумга Азербайжандан 60тан ашуун ишкер жана инвесторлор келип, алар кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларынын, продукцияларынын көргөзмөсү менен таанышып, В2В форматында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Жыйынтыгында төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

1. ЖАК Кыргыз фондулук биржасы менен ЖАК Баку фондулук биржасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга;

2. Смарт логистика ЖЧКсы менен Абшерон Логистик ЖЧКсынын ортосунда логистика тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга;

3. Коммерциялык эмес уюм — “Азербайжандагы аялдар ишкердигин өнүктүрүү ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен Куценко Людмилы Викторовна жетектеген “Тринити – келечектин шаары” коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;

4. “Новелл” ЖЧК менен жеке ишкер Гусейнов Хабилдин ортосунда топоздун тоңдурулган этин сатып алуу жөнүндө Меморандумга;

5. “Карабах Ампут Футбол Клубу” ЖЧКсы менен “Тринити-келечектин шаары” коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу ушул кызматташуу жөнүндө макулдашуунун предмети “Ампутацияланган буттар менен футбол («Amputee Foodball»)” долбоорун түзүү болуп саналат;

6. “Жаштардын тилектештигин колдоо” коомдук бирикмеси менен “Жолборс Тайм” коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу ушул кызматташуу жөнүндө макулдашуунун предмети “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кол күрөш” долбоорун түзүү болуп саналат. Долбоор, жаңы максаттарга жетүү үчүн түрткү берип, ар кандай көндүмдөргө ээ болууга, физикалык мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгууга себепчи болот.