Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес коомчулугу чогулушту

Бүгүн “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форуму башталды.

Ага эки өлкөнүн 400дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышууда. Ачылышка Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Үсөнбекович Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Сардор Укамович катышты. Ачылышта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн ушул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи. Форумга туризм, курулуш, фармацевтика, өнөр жай, кызмат көрсөтүү, айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, жеңил өнөр жай жана башка чөйрөлөрдөгү ишкерлер катышууда.

Форумдун ишкердик программасында маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган, ишкерлер экономикалык кызматташтыктын келечегин, бизнес кооперациясын, экспорт маселелерин, аймактык интеграцияны жана экономикалык өнүгүүнү талкуулашат. Ишкерлер пункттук байланыштарды түзүү үчүн B2B жолугушууларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, ошондой эле кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин отуруму өткөрүлөт.

Бизнес-форумдун алкагында 20дан ашык кыргызстандык өндүрүүчүлөр сүт, бал, консерва азыктары, кол өнөрчүлүк, ошондой эле улуттук суусундуктардын көргөзмөсү болот.