Медиа материалдар конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

2021-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинде журналисттер, басма сөз, телекөрсөтүү, радио жана маалымат агенттиктеринин кызматкерлери арасындагы медиа материалдар конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынак эки багытта өттү: ЭФИнин туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү жана инвестиция тартуу.

Иш-чаранын негизги максаты – ЭФИнин туруктуу өнүгүүсү үчүн каржылоого жетүү чөйрөсүндөгү маселелер боюнча жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой  эле журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүн көтөрүү жана маалыматтык материалдардын сапатын жакшыртуу. Сынак Россиянын – ПРООНдун Өнүктүрүү Траст Фонду тарабынан каржыланган ПРООНдун “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо потенциалын күчөтүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги тарабынан уюштурулду.

Сынактын жеңүүчүлөрү менен болгон жолугушууда, куттуктоо сөзүндө Инвестициялар министринин м.а. Н.М. Баясов белгилегендей, бюджеттик чектөөлөр шартында, инвестициялардын ролу жана мааниси Кыргыз Республикасында гана эмес, бүткүл дүйнөдө өзгөчө мааниге ээ. Мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жеңилдетүү, инвесторлорду коргоо, менчиктин кол тийбестигине кепилдик берүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында министрлик колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча иш алып барууда.

Мындан тышкары, Инвестициялар министринин м.а. Н.М. Баясов биздин калкты түйшөлткөн маанилүү экономикалык темаларды, анын ичинде экономиканы өнүктүрүү, инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү маселелеринде массалык маалымат каражаттарынын маанилүү жана оң ролун баса белгиледи. Ал өз сөзүндө: «Биз үчүн өлкөнүн экономикалык жашоосунун бүт палитрасы жана экономикалык темада жазган журналисттердин өздөрү мындай татаал теманы терең түшүнүшү жана көрүүчүлөрүнө, угармандарына жана окурмандарына сыйкырдуу, маалыматтуу жана кызыктуу түрдө жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде жеткире алышы абдан маанилүү» деп өзгөчө белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Нурадил Баясов БУУӨПкө жана жеңүүчүлөргө маанилүү экономикалык темаларды бөлүүгө жана калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.