Эки тараптуу мамиле
Инвестицияларды коргоо
Азыркы убакта Кыргыз Республикасы, АКШ, Германия, Швейцария, Казакстан, Россия, Кытай, Индия, Түштүк Корея, Улуу Британия жана башка сыяктуу өлкөлөрдү кошкондо 20 дан көп өлкө менен инвестицияларды өз ара колдоо, сыйлоо жана коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуунун катышуучусу болуп саналат.
Бул макулдашуулар чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго эл аралык укуктук актылардын деңгээлинде тең укуктуулукту жана инвестиция берүүгө жакшы шарттарды түзөт. Мындан тышкары, бул макулдашуулар инвестицияларды коргоого кепилдик жана кирешелерди, төлөмдөрдү эркин которуу, тартып алуу учуру болуп калса компенсацияларды төлөө сыяктуу негизги укуктарды берет, суброгация принциптерин жана талаш-тартыштарды жөнгө салган эрежелерди белгилейт. Төмөндө Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу макулдашуусу бар өлкөлөрдүн толук тизмеси келтирилген.
Кытай
Түркия
АКШ
Иран
Пакистан
Малазия
Армения
Азейбаржан
Франция
Украина
Индонезия
Өзбекстан
Улуу Британия
Казакстан
Грузия
Индия
Германия
Швецария
Беларусь
Монголия
Тажикистан
Швеция
Молдова
Австрия
Чех Республикасы
Словакия
Кош салык салуудан качуу тууралуу келишимдер
Кыргыз Республикасы ошондой эле 27 өлкө менен Кош салык салуудан коргоо жөнүндө макулдашууга кол койгон, азыркы учурда тизмедеги 3 өлкө кароодо турат. Төмөндө кош салык салуудан коргоо жөнүндө колдонуудагы келишимдердин тизмеги келтирилди.
Австрия
Беларусь
Канада
Китай
Эстония
Финляндия
Грузия
Германия
Индия
Иран
Казакстан
Корея Республикасы
Кувейт
Латвия
Литва
Малазия
Молдова
Монголия
Пакистан
Польша
Катар
Россия
Сауд Арабиясы
Швейцария
Тажикстан
Таджикистан
Украина
Бириккен Араб Эмираты
Улуу Британия
Өзбекстан
Эл аралык макулдашуулар
Кыргыз Республикасы 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кирген, ошондой эле БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык Уюм (БМУ), Бириккен Улуттар Уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ), Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНЕСКО) деген сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү болгон.
Өлкө 1991-жылдан тартып Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мүчөсү болуп саналат. 1993-жылы Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) кирген.
Кыргызстан төмөнкү эл аралык уюмдар менен туруктуу кызматташат:
– Бүткүл дүйнөлүк банк (ББ),
– Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ),
– Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК),
– Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЕКӨБ),
– Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ),
– Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) жана башкалар.
1992-жылдан тартып Кыргыз Республикасы Европа экономикалык комиссиянын мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Ааламдык экологиялык фонд (АЭФ) менен кызматташтыгы дагы кеңейип жатат.