Региондогу жаш, квалификацияланган жана арзан жумушчу күчү.

Кыргыз эмгек рыногунун эң маанилүү мүнөздөмөлөрүнүн бири – бул өлкөдөгү төрөлүүнүн жогорку деңгээлине бекитилген, тез өсүүчү жумушка жөндөмдүү калк. Эмгек рыногундагы  «сунуштун» 51% жаштар түзөт.

Жумушка орношкон адамдардын көбү (65%) айыл жергесинде  жашашат. Жумушка орношкон бардык жаштардын 38% жакыны айыл чарбасында иштешет, алар мезгилдүүлүк жана аз айлык акы менен мүнөздөлүшөт. Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу региондогу эң арзандардын бири болуп саналат. Мурунку Советтик Союздун башка өлкөлөрүндөй эле сабаттуулук деңгээли жогору бойдон калууда – 99% көп (аялдар дагы, эркектер дагы).

Өлкөнүн ишке орношкон калкы жогорку деңгээлдеги билимге ээ, бул бар болгон билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү менен шартталган. Жумуштуулук түзүмү жалпысынан, (токойчулук жана балык уулоочулук менен бирге) бардык ишке орношкондордун 29.3% туура келген айыл чарбасын ачык басымдуулук кылгандыгы менен мүнөздөлөт. Айыл чарба сектору өлкөнүн жаш жумушчуларынын эң көп үлүшүн өзүнө камтыйт (39.4% – эркектер жана 55.1% – аялдар).