Негизги тармактар: Айыл чарбачылыгы. Туризм
Ош шаары – чоңдугу боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат жана Орто Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири болуп саналат. Анын пайда болгондугунун так датасы белгисиз. Шаардын жазуу түрүндөгү тарыхы миңдеген жылдарды, ал эми археологиялык табылгалары үч миң жылдан узак мезгилди көрсөтөт. Ош – Республикага баш ийүүчү шаар жана Ош облусунун административдик борбору.
Ош шаарынын шаардык администрациясына 11 шаар четиндеги айылдар баш иет.
2017 | 2018 | 2019 | ||
---|---|---|---|---|
Ишканалардын каражаттары | 1180.4 | 2092.2 | 1163.8 | 0 |
Калктын каражаттары | 1016 | 2109.6 | 0 | |
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттары | 555.6 | 77.4 | 0 | |
КР резидентинин банк насыясынын каражаттары | 367.3 | 0.4 | 4024.5 | |
Чет өлкөлүк насыянын каражаттары | 2694.3 | 5957.5 | 0.9 | |
Чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдын каражаттары | 2059 | 1101.5 | 60.2 |
2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк | 285.9 | 320.2 | 370.3 | 443.9 | 462.9 | 437.3 | 45.5 |
Мал чарбачылык | 353.9 | 384.1 | 398.3 | 425.3 | 450.6 | 465.1 | 46.8 |
Тейлөөлөр | 18.0 | 59.5 | 59.0 | 74.1 | 77.3 | 71.0 | 0 |
Аңчылык жана токой чарбасы | 3.1 | 3.6 | 4.7 | 5.5 | 3.6 | 3.6 | 0 |
Тышкы соода жүгүртүүсү млн $ | Экспорт | Импорт | |
---|---|---|---|
КМШ өлкөлөрү | 111.2 | 19.6 | 91.6 |
Казахстан | 13.7 | 0.02 | 13.7 |
Россия | 53.3 | 6 | 47.3 |
Өзбекистан | 40.3 | 12.8 | 27.6 |
Таджикистан | 0.8 | 0.7 | 0.07 |
Европа | 5.2 | 1.8 | 3.4 |
Германия | 0.9 | 0.09 | 0.8 |
Литва | 2.2 | 1.5 | 0.6 |
Польша | 0.4 | 0.004 | 0.4 |
Азия | 56.3 | 5.5 | 50.8 |
Кытай | 39.7 | 1.1 | 38.5 |
Турция | 11.5 | 3.2 | 8.3 |
Корея | 1.7 | 0.02 | 1.7 |
Жергиликтүү транспорттун негизги түрү болуп автомобиль эсептелет. Шаарда 56 автобус маршруттары бар, аларда ар кандай көлөмдөгү 1000ге жакын автобус иштейт. Троллейбус системасы 1977-жылдан тартып иштөөдө. Шаардын четтери жана башка шаарлар менен транспорттук байланышууга арналган эки автобус станциялары – №1 (“Эски”, шаардын борборунда) жана №2 (“Жаңы”, шаардын четинде) бар. Ошондой эле, шаарда Ош-1 жана Ош-2 темир жол станциялары бар, алардын негизги функциялары жүк ташуу болуп саналат. “Ош” аэропорту активдүү иштейт, жергиликтүү жана эл аралык рейстерди кабыл алат жана кетирет.