Негизги тармактар: Программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу
Бишкек – Кыргыз Республикасынын борбору жана эң чоң шаары. Өз алдынча административдик бирдикти түзөт жана республикага баш ийүүчү шаар болуп саналат. Шаар Кыргыз Республикасынын түндүгүндө, Чүй өрөөнүндө, Тянь-Шань тоолорунун этегинде, Кыргыз кырка тоосунан түндүк тарабында, деңиз деңгээлинен 700—900 м бийиктикте, Казакстан менен болгон чек арадан 25 км аралыкта орун алган. Административдик түрдө 4 районго бөлүнгөн.
2017 | 2018 | 2019 | ||
---|---|---|---|---|
Пайдалуу кендерди казуу | 112.0 | 79.1 | 22,8 | 22.8 |
Иштетүү өндүрүшү | 24 137.3 | 25 657.7 | 28612.1 | |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) | 11381.3 | 11869.6 | 12083.6 | |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдык-тарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу | 966.8 | 1659.4 | 1573.3 |
2017 | 2018 | 2019 | |
---|---|---|---|
Ишканалардын каражаттары | 10268.9 | 16762.7 | 27422.2 |
Калктын каражаттары | 24075.4 | 27871.4 | 23702.8 |
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттары | 1497.9 | 318.2 | |
КР резидентинин банк насыясынын каражаттары | 2725.8 | 4136.9 | 161.9 |
Чет өлкөлүк насыянын каражаттары | 11504.0 | 2122.8 | 2279.6 |
Чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдын каражаттары | 2694.3 | 5957.5 | 3540.0 |
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын каражаттары | 3012.0 | 1757.7 | 1483.7 |
Тышкы соода жүгүртүүсү млн $ | Экспорт | Импорт | Тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүштүк салмагы % | |
---|---|---|---|---|
Бардыгы | 4 058.2 | 997.9 | 3060.3 | 100.0 |
КМШ өлкөлөрү | 1 591.5 | 273.6 | 1,317.9 | 39.2 |
Казакстан | 431.1 | 111.3 | 319.8 | 10.6 |
Беларусь | 28.4 | 6.2 | 22.2 | 0.7 |
Россия | 988.4 | 74.0 | 914.4 | 24.4 |
Тажикстан | 11.8 | 9.2 | 2.6 | 0.3 |
Өзбекстан | 106.1 | 70.9 | 35.2 | 2.6 |
Украина | 20.4 | 0.3 | 20.1 | 0.5 |
Алыскы чет өлкөлөр | 2,466.6 | 724.3 | 1,742.3 | 60.8 |
Афганистан | 1.0 | 1.0 | 0.0 | 0.0 |
Германия | 45.7 | 4.1 | 41.6 | 1.1 |
Иран | 9.1 | 4.7 | 4.4 | 0.2 |
Италия | 16.4 | 0.2 | 16.2 | 0.4 |
Индия | 26.1 | 3.5 | 22.6 | 0.6 |
Индия | 1,248.4 | 43.4 | 1,205.0 | 30.7 |
Корея | 16.7 | 0.0 | 16.7 | 0.4 |
Нидерланды | 9.7 | 0.9 | 8.8 | 0.2 |
Бириккен Араб Эмираттары | 6.6 | 3.6 | 3.0 | 0.2 |
Улуу Британия | 552.5 | 547.6 | 4.9 | 13.6 |
АКШ | 48.2 | 0.4 | 47.8 | 1.2 |
Польша | 17.0 | 1.2 | 15.8 | 0.4 |
Түркия | 212.5 | 59.4 | 153.1 | 5.2 |
Франция | 17.3 | 0.0 | 17.3 | 0.4 |
Швейцария | 12.6 | 0.0 | 12.6 | 0.3 |
Япония | 32.1 | 0.4 | 31.7 | 0.8 |
Коомдук автотранспорттун негизги түрү болуп автомобиль эсептелет, алар: автобустар, маршруттук таксилер жана такси. Шаар аралык менчик такси республика боюнча жол жүрүүнүн кеңири жайылтылган түрү болуп эсептелет – Бишкек менен облустук борборлор: Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарлары, ошондой эле башка багыттар байланыштырылат. Шаарда эки: Батыш (жаңы) жана Чыгыш (эски) автовокзал бар.
Баткенге жана Таласка баруучу жолдор коңшулаш өлкөлөрдүн чек арасынан өтүү менен мүнөздөлөт; бул багыттарда ички трассалар бар, бирок алардын кээ бир участоктору (Баткенге карай жолдо) көбүнесе канааттандырарлык эмес, же бийик тоолуу ашуулардан өтүүгө (Таласка карай жолдо) туура келет
Темир жол байланышы: Пишпек, Бишкек жана Аламүдүн деп аталуучу үч темир жол станциялары аркылуу ишке ашырылат. Жүргүнчүлөр менен жүктөрдүн негизги бөлүгү Россиянын шаарларына Казакстандын территориясы аркылуу багытталат. Ошондой эле, жергиликтүү шаарлар аралык жана шаар четиндеги пункттарга баруучу поезддер бар. Шаардык коомдук транспорт катары троллейбус системасы пайдаланылат. Жеңил метрону жана шаар электропоездин түзүү пландаштырылууда.
Бишкектин административдик территориясында, шаардын чегинен 23 км аралыкта Кыргыз эпосунун баатырынын атынан аталган эл аралык “Манас” аэропорту жайгашкан. Манас – ЖАЭУнун (жарандык классификациянын эл аралык уюмунун) классификациясы боюнча 4Е классындагы аэропорт болуп саналат. Анын узундугу 4,2 км болгон конуу тилкеси учактардын бардык типтерин, муну менен катар татаал метеошарттарда кабыл алууга мүмкүндүк берет.