Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Бавария менен Тюрингиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу Башкы консулу, профессор Райнхольд Крэммель кайрылышты. Жыйында мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү катышкан талкуулар өттү. Негизги көңүл энергия, айыл чарба, санариптик технологиялар, каржы жана логистика тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулду. Талкуулар эки тараптын да өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жогорку кызыкдар экенин көрсөтүп, өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган практикалык чечимдерди биргеликте иштеп чыгууга даярдыгын тастыктады. Катышуучулардын сөздөрү мазмундуулугу менен айырмаланып, кыргыз-герман диалогунун жогорку деңгээлин дагы бир жолу белгиледи. Бүгүнкү талкуу мындан аркы кызматташууну тереңдетүүгө жана өз ара ишенимди чыңдоого умтулууларды айкын көрсөттү.
Navigation
All portal sections
$6.9B
Investments
400+
Projects
About the National Agency
Choose a section to go to
Live
NEWS
22 September 2025 at 04:201 min read2
В Чолпон-Атада Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин IV жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Респ…


