Венчурдук каржылоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте венчурдук каржылоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи кеңешмеси болуп өттү.

Ушул ченемдик-укуктук актыны түзүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын стартаптарына жана инновациялык технологияларына венчурдук инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Инвестициялык-венчурдук иштин актуалдуулугу улуттук экономиканы өнүктүрүүгө венчурдук капиталдын катышуусу аркылуу гана заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот жана илим менен экономиканын реалдуу секторунун ортосундагы синтез камсыз кылынат.

Кеңешменин жүрүшүндө жумушчу топтун мүчөлөрү жумушчу топтун иш планын, милдеттерди бөлүштүрүүнү талкуулашты.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгууга эл аралык эксперттерди тартууга көмөк көрсөтүшөт.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү пландаштырылууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү,эл аралык финансылык корпорациясы (IFC), АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), “Accelerate Prosperity” коомдук фонду, Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы, “GRATA International” юридикалык компаниясы, Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриялар ассоциациясы жана “Ololo” коворкинг-борбору сыяктуу IT чөрөсүндөгү жана бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү кирет.