Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин Саксония федералдык жеринин борбору Дрезден шаарына визити

2023-жылдын 24-январында Дрезден шаарында маалыматтык технологиялар жана консалтинг чөйрөсүндө адистештирилген, учурда автономдуу кыймыл жана учкучсуз системалар жаатындагы долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан Германиянын “Staff-Eye Group” компаниясынын негиздөөчүсү Александр Коваленко мырза менен жемиштүү жолугушуу болуп өттү.Жолугушуунун жүрүшүндө шиналарды кайра иштетүү жана медициналык калдыктарды керекке жаратуу боюнча долбоорлор, КР аймагында аккредиттелген лабораторияны түзүү, ГФР рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын экспорттонун келечеги, ошондой эле студенттерди Саксония федералдык жеринин тармактык компанияларында окутуу сыяктуу кызматташуунун ар кандай өңүтү талкууланды.Белгилей кетсек “Staff-Eye Group” 2022-жылы КР аймагында программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө “Entwicklerburg” ЖЧК өкүлчүлүгүн ачкан. Ушул иштин алкагында компания автономдуу айдоо боюнча механизмди иштеп чыгуу максатында Бишкектин картасын санариптештирген. Ошону менен бирге компания потенциалдуу кызматкерлердин көндүмдөрүн жогорулатуу максатында саксон компанияларында алты түрдүү адистик боюнча студенттердин такшалуудан өтүү маселесинде КР жергиликтүү университеттери менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирүүдө.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын шиналар рыногун изилдөө жана медициналык калдыктарды керекке жаратуу боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышты.Абанын булганышынын азыркы учурдагы комплекстүү шарттарында ушул долбоорлорду экологиялык таза өндүрүштүн негизинде ишке ашыруу Германиянын DEG инвестициялык корпорациясынын мүмкүн болгон финансылык-техникалык колдоосу менен көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнүн кошумча куралы болуп каларын өзгөчө белгилеп кетүү зарыл.

Ошону менен бирге Дрезден шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У. Темиралиевдин Саксония федералдык жеринин Экономика, эмгек жана транспорт министрлигинин Статс-катчысы Томас Кралински мырза менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.У.Т. Темиралиев Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, Улуттук агенттиктин учурдагы иши, ошондой эле карбон квотасын пайдаланууда жашыл энергетика чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саксония федералдык жери менен жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдады. Ошону менен бирге ГФР жеке жана мамлекеттик түзүмдөрүндө жашыл экономика чөйрөсүндө мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча программаны ишке киргизүү маселесин биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жогоруда белгиленген маселелер боюнча маалымат алмашуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн Саксония федералдык жеринин аймагында тармактык көргөзмөлөргө жана бизнес форумдарга катышуусу жөнүндө макулдашты.