Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 42-буйругу менен,

Кыргыз Республикасынын инвестициялык чөйрөсүнө кошкон салымы жана инвестициялык ишмердүүлүктө жогорку жетишкендиктери үчүн:
- “Кыргыз Республикасынын инвестиция чөйрөсүнүн отличниги” төш белгиси жана энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланат:
1) Салымбеков Аскар Мааткабылович – “Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти, “Аскар Салымбеков Фонду” коомдук фондунун негиздөөчүсү;
2) Балян Генрих Григорьевич – “KARVEN” компаниялар тобунун негиздөөчүсү.
- Ардак грамота жана энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланат:
1) Маматасан Жоро – “Ак-Татыр Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директору;
2) Куценко Константин Иванович – “Каркыра Эко-шаары” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору;
3) Асанов Бекназар Абдилбекович – “Сан Планет Органик” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директору;
4) Усенов Жапар Джолдошбекович – “Poly Technology” компаниясынын негиздөөчүсү;
5) Арзыматова Айзада Асанкановна – “Медфарм консалтинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директору.
- Агенттиктин атынан Ыраазычылык кат жана энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланат:
1) Юй Гохун – “Хуа Руй” жоопкерчилиги чектелген коомунун Башкы директору;
2) Чан Ань Туан – Rox Group Консультативдик кеңештин төрагасы;
3) Нгуен Тхи Нгуиет Хионг – Rox Group Директорлор кеңешинин төрагасы.