Skip to main content
Түз эфир
China Energy Engineering Investment Company менен кайра жаралуучу энергетика тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 28-апрель 08:262 мүнөт окуу7

China Energy Engineering Investment Company менен кайра жаралуучу энергетика тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China Energy Engineering Investment компаниясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууга China Energy International эл аралык блогунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Сюэ Данфэн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору катышты.

Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кызматташтык жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климаты жана мамлекеттик колдоонун учурдагы чаралары тууралуу маалыматтар берилди.

«Кыргыз Республикасы кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары карайт. Биз эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачыкпыз жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдоо көрсөтүүгө даярбыз»

Равшанбек Сабиров

Кытай тарап жалпы кубаттуулугу 700 МВтка чейин болгон күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд АКШ долларына чейин инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди (500 МВт — күн, 200 МВт — шамал).

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга жана инвестициялык демилгелерди практикалык деңгээлде кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: