Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кытайдын POWERCHINA компаниясынын делегациясы менен жолугушту. Аталган компания инфраструктуралык курулуш жана энергетика тармагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, гидроэнергетикалык объектилерди куруу, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлор каралды.
«Кыргыз Республикасы эл аралык инвесторлор менен өнөктөштүк мамилелерди ырааттуу бекемдеп, стратегиялык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келет. POWERCHINA сыяктуу ири компаниялар менен кызматташуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө, инновациялык чечимдерди киргизүүдө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыздоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат»
— Равшанбек Сабиров
Инвестицияларды тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана өлкөнүн энергетикалык ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп турууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мүмкүн болгон долбоорлорду предметтик негизде мындан ары да иштеп чыгуу жана эки тараптуу инвестициялык кызматташууну чыңдоо боюнча макулдашышты.





