Skip to main content
Түз эфир
Кыргызстан менен кытай компаниясы инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады

ГЛАВНАЯ
2026-ж., 22-апрель 12:342 мүнөт окуу10

Кыргызстан менен кытай компаниясы инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Gansu Feitian International Trading Company компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосунда өз ара ишенимге, коңшулукка жана өз ара пайдага негизделген өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышып, өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырышып, экономиканын ар түрдүү тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Атап айтканда, тоо-кен өнөр жайы, транспорттук жана шаардык инфраструктура, энергетика, суу ресурстары, ошондой эле өнөр жай жана логистика багытындагы долбоорлор талкууланды.

«Кыргыз Республикасы эл аралык инвесторлор үчүн ачык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин сунуштайт. Биз бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу жана ачык-айкын шарттарды түзүп, долбоорлорду бардык этаптарында коштоп келебиз»

Равшанбек Сабиров

Тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин, инвестициялык преференцияларды, эркин экономикалык аймактарды, ошондой эле региондордогу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү да талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: