Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарында АКШнын, Европанын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, инвесторлордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда CABXPO Bishkek 2025 эл аралык бизнес жана логистикалык форуму болуп өттү. Форумга 50дөн ашуун эл аралык жана аймактык компаниялар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө инвестиция тартуу, логистиканы өнүктүрүү, санариптик технологиялар жана туруктуу экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасы инвесторлордун укуктарын коргоого, ачык-айкындуулукка жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө негизделген алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон, ачык инвестициялык чөйрөнү ырааттуу түрдө калыптандырып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле мамлекеттин инвесторлордү коштоп жүрүүдөгү жана инвестициялык долбоорлордун туруктуу ишке ашырылышы үчүн шарттарды түзүүдөгү ролуна өзгөчө токтолду. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тааныштырылып, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуулар жүрдү.
탐색
포털 전체 섹션
$6.9억
투자
400+
프로젝트
국가 투자청 소개
이동할 섹션 선택
라이브
뉴스
2025년 12월 24일 오후 12:521 읽는 시간 분8
Заманбап инвестициялык экосистеманы калыптандыруу жана эл аралык бизнес-диалогду өнүктүрүү
Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарында АКШнын, Европанын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, инвесторлордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда CABXPO Bishkek 2025 эл аралык бизнес жана логистикалык форуму болуп өттү. Форумга 50дөн ашуун эл аралык…















