Мазмұнға өту
Бишкекте Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасы ачылды

МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026 ж. 29 қыркүйек, 08:251 мин оқу

Бишкекте Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасы ачылды

Бишкек шаарында Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Пресс қызметі invest.gov.kg
Ресми көз

Бишкек шаарында Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасының Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, ишкананын жетекчилигинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Өндүрүштүн ишке кириши Kampa Industrial Park компаниясынын өнүгүүсүнүн жаңы этабы болуп, болжол менен 200 жаңы жумуш ордун түзүүнү карайт. Өндүрүштүк аянтчада LAMIS, CAISER / Кайзер, BLESK / LAMIS бренддеринин үй-тиричилик товарлары жана тиричилик техникалары чыгарылат. Ошондой эле Midea, Haier жана Baumann продукцияларын өндүрүү жана сатуу иштери жүргүзүлөт.

Ишкананы өнүктүрүү өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө жана тышкы рынокторго чыгууга багытталган. Өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү «Кыргызстанда өндүрүлгөн» (Made in Kyrgyzstan) деген маркировка менен экспорттолот.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Kampa Industrial Park менен өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү маселелери боюнча кызматташууну улантат.

Бөлісу: