Skip to main content
Тікелей
Бишкекте ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форуму жыйынтыкталды: кызматташууну кеңейтүү боюнча жаңы келишимдер түзүлдү

ГЛАВНАЯ
2026 ж. 24 маусым, 03:002 мин оқу13

Бишкекте ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форуму жыйынтыкталды: кызматташууну кеңейтүү боюнча жаңы келишимдер түзүлдү

Пресс қызметі invest.gov.kg
Ресми көз

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форуму өз ишин жыйынтыктады.

Форум мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, инвестициялык фонддордун, өнүктүрүү институттарынын, технологиялык компаниялардын жана ишкерлердин өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар түз диалог жүргүзүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулап, тажрыйба алмашып, жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Бишкекте өткөн алгачкы ШКУ Инвестициялык бизнес-форумунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай аянтчалар диалогдон конкреттүү долбоорлорго өтүүгө шарт түзөрүн айтты.

«Бүгүнкү форум ишкердик коомчулук үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулоого маанилүү аянтча болду. Бишкекте өткөн ШКУ Инвестициялык бизнес-форуму өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Биздин негизги максат — жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү. Кыргыз Республикасы ишенимдүү өнөктөш катары бардык кызыкдар тараптар менен биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Равшанбек Сабиров

Форумдун жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен резолюцияга кол коюлду. Документ уюмдун алкагында инвестициялык форумдарды жана ишкердик иш-чараларды жыл сайын өткөрүү тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүнү бекемдейт.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду. Алардын катарында меморандумдар жана макулдашуулар бар.

Форумдун иш программасына ШКУ өлкөлөрүнүн инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилеринин баяндамалары, санариптик экономиканы өнүктүрүү, жашыл трансформация, саламаттыкты сактоо багыттары боюнча панелдик сессиялар, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы B2B жолугушуулар кирди.

ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-фордумунун алкагындагы иш-чаралардын уландысы катары 2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» аянтчасында ШКУ өлкөлөрүнүн өнөр жай-инвестициялык кызматташтык көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмө инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштыруу, катышуучу өлкөлөрдүн өнөр жай потенциалын көрсөтүү жана жаңы ишкердик байланыштарды өнүктүрүү үчүн кошумча аянтча болот.

Бөлісу: