Skip to main content
Тікелей
КРП ИУАда күн энергетикасын өнүктүрүү маселелери талкууланды

ЖАҢАЛЫҚ
2026 ж. 23 қаңтар, 05:531 мин оқу3

КРП ИУАда күн энергетикасын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык инвестициялык-девелопердик Vantagion terra group limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө күн энергетикасы…

Пресс қызметі invest.gov.kg
Ресми көз

Бүгүн, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык инвестициялык-девелопердик Vantagion terra group limited компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө күн энергетикасы тармагындагы инвестициялык кызматташтык, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тоолуу жана алыскы аймактарында энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биз энергия менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда туруктуу жана заманбап долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишенимдүү эл аралык өнөктөштөрдү тартууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров. Vantagion terra group limited — кайра жаралуучу энергия булактарынын инфраструктурасын түзүүгө адистешкен эл аралык инвестициялык-девелопердик платформа болуп саналат жана күн, шамал электр станцияларын инвестициялоодон тартып куруу, ошондой эле эксплуатациялоого чейин долбоорлордун толук циклын ишке ашырат. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында жашыл энергетика жаатындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Бөлісу: