Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Равшанбек Сабиров форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык диалогду жана өнөктөштүктү чыңдоонун уникалдуу аянтчасы болгонун белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин терең тарыхый байланышын жана руханий жакындыгын эске салды. Агенттиктин башчысы Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатынын негизги багыттарын тааныштырып, жакында кабыл алынган мыйзамдар, анын ичинде «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамы (2025-жылдын августу) жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча ченемдер тууралуу айтып өттү. Бул документтер чет элдик инвесторлор үчүн ишенимдүү кепилдиктерди камсыздап, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи. Равшанбек Сабиров өзгөчө көңүлдү Тажикстан менен энергетика жана транспорт тармактарындагы кызматташтыкка, ошондой эле IT тармагында жана туризмде өз ара аракеттенүүгө бурду. Ал аймактын жашыл энергетика, гидроэнергетика тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы логистикалык коридорлорду түзүү үчүн зор потенциалы бар экенин белгиледи. Өз сөзүнүн соңунда Улуттук агенттиктин башчысы форум кыргыз-тажик кызматташтыгынын жаңы этабынын башталышы болуп, ал конкреттүү жыйынтыктарга, туруктуу өнүгүүгө жана бүтүндөй региондун гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.
Điều hướng
Tất cả mục của cổng
4,1 tỷ USD
Đầu tư
400+
Dự án
Về Cơ quan Xúc tiến Đầu tư Quốc gia
Chọn mục
Trực tiếp
TIN TỨC
lúc 05:32 20 tháng 10, 20251 phút đọc6
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн «Душанбе Инвест – 2025» аттуу Биринчи Эл аралык инвестициялык форумга катышты. Бул форум Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Казакстандын биринчи вице-премьер-министри катышкан ири иш-чара болуп, анын жогорку деңгээлин жана регион үчүн стратегиялык маанисин көрсөттү.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Равшанбек Сабиров форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык диалогду жана өнөктөштүктү чыңдоонун уникалдуу аянтчасы болгонун белгилеп, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин терең тарыхый байланышын жана руханий жакындыгын эске салды. Агентт…


