Skip to main content
Jonli
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
YANGILIK
13-oktabr, 2025, 04:571 daqiqa o'qish1

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Кыргыз Республикасынын Президентинин Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 2-октябрында Улуттук агенттигинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду жана терминалды к…

Matbuot xizmati invest.gov.kg
Rasmiy manba

Кыргыз Республикасынын Президентинин Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 2-октябрында Улуттук агенттигинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду жана терминалды куруу боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлган. Долбоор 100 миллион доллардан 200 миллион долларга чейин инвестиция тартууну карайт. Биринчи этап аймактын транспорттук-логистикалык инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн негиз боло турган заманбап логистикалык комплексти жана чек ара терминалын курууну камтыйт. Бул аймакта келечекте атайын соода зонасын өнүктүрүү каралууда. Долбоор эл аралык жүк ташууларды көбөйтүүгө, Кыргызстандын ЕАЭБге жана коңшу мамлекеттерге экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалынын өсүшүнө олуттуу салым кошот. Долбоор экономикалык таасирден тышкары жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чек ара инфратүзүмүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ulashish: