Skip to main content
براہ راست
Кыргызстанга Япониядан эл аралык эксперт келди

خبر
23 جنوری، 2026 کو 11:46 AM2 منٹ پڑھنا2

Кыргызстанга Япониядан эл аралык эксперт келди

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Макулдашуунун алкагында жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен Кыргыз Республикасына эл аралык эксперт Такеучи Норихико келди. Ал эки жыл аралыгында…

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Макулдашуунун алкагында жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен Кыргыз Республикасына эл аралык эксперт Такеучи Норихико келди. Ал эки жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке консультациялык жана аналитикалык колдоо көрсөтөт. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын өнүктүрүү стратегиясын 2030-жылга чейин иштеп чыгууга катышат. Такеучи Норихико 1969-жылы туулган. 1994-жылдын март айында Япониянын Кэйо университетин аяктап, башкаруу жана саясат тармагында гуманитардык илимдер боюнча бакалавр даражасын алган. Кесиптик тажрыйбасы: Bokd Investment Co., Ltd. компаниясында инвестициялык департаменттин жана бизнеске колдоо көрсөтүү департаментинин башкы менеджери болуп иштеп, ички жана эл аралык инвестициялык операцияларды жетектеген. Ошондой эле портфелдик компанияларга стратегиялык башкаруу колдоосун көрсөткөн. Otsuka Techno Corporation компаниясында корпоративдик пландоо бөлүмүнүн директору жана бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы менеджери кызматтарын аркалаган. Бул мезгилде ички жана эл аралык ишкер өнөктөштүктөрдү өнүктүрүүгө, ошондой эле Otsuka Pharmaceutical Group компаниясынын технологиялык секторунда инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө жооптуу болгон.

شیئر کریں: