Skip to main content
براہ راست
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияларды коргоо боюнча ачык диалог
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияларды коргоо боюнча ачык диалог
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияларды коргоо боюнча ачык диалог
خبر
27 اکتوبر، 2025 کو 03:43 AM1 منٹ پڑھنا1

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияларды коргоо боюнча ачык диалог

КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 "Улуттук рух - глобалдык бийиктиктер" доктринасы (Өңгөчөл) жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын "Инвестициялар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана жагымдуу инв…

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

КР Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 "Улуттук рух - глобалдык бийиктиктер" доктринасы (Өңгөчөл) жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын "Инвестициялар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган, 2025-жылдын 30-октябрында Новотел Бишкек мейманканасында КР Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ачык диалог өтөт. Жыйында жагымдуу инвестициялык жана бизнес чөйрөсүн түзүү, инвесторлор үчүн укуктук коргоону жакшыртуу жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди чыңдоо чаралары талкууланат. Мамлекеттик органдардын, КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык кеңештин катчылыгынын жана бизнес ассоциацияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Негизги натыйжа катары мамлекеттик органдар менен бизнес ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн ортосундагы үч тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюу болот. Диалог туруктуу жана алдын ала айтууга боло турган бизнес шарттарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун чыңдоого багытталган.

شیئر کریں: