Skip to main content
براہ راست
Samsung C&T менен инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу
Samsung C&T менен инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу
Samsung C&T менен инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу
Samsung C&T менен инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу
ГЛАВНАЯ
14 اپریل، 2026 کو 10:20 AM2 منٹ پڑھنا40

Samsung C&T менен инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

Бүгүн, 14-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Samsung C&T компаниясынын ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири катары ишмердүүлүгүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл компаниянын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларына бурулду.

«Кыргыз Республикасы инвестициялык жагымдуу жана туруктуу чөйрөнү түзүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Биз ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбасы бар Samsung C&T сыяктуу эл аралык компаниялар менен стратегиялык өнөктөштүккө ачыкпыз. Биргелешкен иш-аракеттер кошумча инвестицияларды тартууга гана эмес, ошондой эле өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт деп ишенем»

Равшанбек Сабиров

Улуттук агенттиктин башчысы Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле стратегиялык инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы демилгелерди тааныштырды.

Өз кезегинде Samsung C&T компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле алар кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жогорку потенциал бар экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Samsung C&T компаниясынын катышуусу менен өз ара аракеттенүүнү улантуу ниетин билдиришти.

شیئر کریں: