Skip to main content
براہ راست
Кыргызстан инвестициялык климатты чыңдап, инвесторлор менен өнөктөштүктү кеңейтүүдө

خبر
15 جنوری، 2026 کو 05:13 AM1 منٹ پڑھنا1

Кыргызстан инвестициялык климатты чыңдап, инвесторлор менен өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Ала-Тоо 24 телеканалында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык саясаты, өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык аймактардын бири…

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

Ала-Тоо 24 телеканалында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык саясаты, өнөктөштүк кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык аймактардын бирине айландыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 2026-жылдын 1-январынан тартып ишкерлик субъекттерин коргоо максатында укук коргоо органдары тарабынан негизсиз текшерүүлөр токтотулары айтылды. Ошондой эле инвесторлор үчүн ачык жана кепилденген шарттарды түзүү, «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана инвестицияларды колдоо боюнча эл аралык келишимдерди камтыган заманбап ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу иштери жүрүп жатканы айтылды. Мындан тышкары, атаандаштыкка жөндөмдүү салыктык жана бажы жеңилдиктери, инвестициялык процесстердин санариптештирилиши жана инвесторлор менен мамлекеттин түз диалогу үчүн атайын аянтчанын түзүлгөнү баса белгиленди.

شیئر کریں: