Skip to main content
براہ راست
Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму: кызматташтыктын жаңы багыттары

خبر
4 دسمبر، 2025 کو 11:37 AM2 منٹ پڑھنا1

Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму: кызматташтыктын жаңы багыттары

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ислам Республикасы Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстан–Пакистан бизнес-форумун ийгиликтүү өткөрдү. Форум эки өлкөнүн ишкер…

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Ислам Республикасы Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстан–Пакистан бизнес-форумун ийгиликтүү өткөрдү. Форум эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн алдыңкы өкүлдөрүн бириктирип, экономиканын негизги тармактарын камтыды: банктык сектор, туризм, айыл чарба, билим берүү, энергетика, маалыматтык технологиялар, соода, текстиль өнөр жайы, медицина жана фармацевтика, ошондой эле башка бир катар багыттар каралган. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырып, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн, инвестиция үчүн жакшыртылган шарттар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ал Кыргызстандын ишенимдүү жана келечектүү өнөктөш катары эл аралык инвесторлорго долбоорлорду гана эмес, ишенимге жана туруктуулукка негизделген узак мөөнөттүү кызматташтыкты да сунуштай турганын айтты. Иш-чара эки өлкөнүн компаниялары жана уюмдары үчүн маанилүү макулдашууларды түзүүгө өбөлгө болгон, инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталды. Бизнес-форум конструктивдүү диалог жүргүзүүгө, жаңы өнөктөштүктү орнотууга, тажрыйба алмашууга жана алгачкы кызматташуу меморандумдарына жол ачкан биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Тараптар бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

شیئر کریں: