Skip to main content
براہ راست
Кыргызстан Осакадагы ЭКСПО-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка ээ болду
Кыргызстан Осакадагы ЭКСПО-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка ээ болду
Кыргызстан Осакадагы ЭКСПО-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка ээ болду
خبر
15 اکتوبر، 2025 کو 06:27 AM1 منٹ پڑھنا2

Кыргызстан Осакадагы ЭКСПО-2025 дүйнөлүк көргөзмөсүндө алтын сыйлыкка ээ болду

Осака, Япония — 12-октябрь, 2025-жыл Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону Осака шаарында өткөн ЭКСПО — 2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө адам потенциалын, билим берүүнүн күчүн, маданий байлыгын жана коомдун туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын ачып берген мыкты экспозициясы үчү…

پریس سروس invest.gov.kg
سرکاری ماخذ

Осака, Япония — 12-октябрь, 2025-жыл Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону Осака шаарында өткөн ЭКСПО — 2025 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө адам потенциалын, билим берүүнүн күчүн, маданий байлыгын жана коомдун туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын ачып берген мыкты экспозициясы үчүн "Парос" категориясында алтын сыйлыкка ээ болду. Катышуучу 169 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 19 алтын медалдын ээлеринин катарына кирип, чыгармачылыктын жогорку деңгээлин, терең ой — ниетин жана Көргөзмөнүн "жашообуз үчүн келечектеги коомду долбоорлоо"темасын ачууга карата заманбап мамилени тастыктады. Кыргызстандын павильону эл аралык калыстар тобу тарабынан көрүнүктүү дизайны, салттуу баалуулуктардын технологиялык чечимдер менен шайкеш айкалышы, ошондой эле жаратмандыкка жана инсандык өнүгүүгө шыктандыруучу күчтүү гуманисттик билдирүүсү үчүн белгиленген. Бул кадыр-барктуу сыйлык Кыргызстан өзүн өзгөчө маданияты, адамдык потенциалы жогору жана келечекти калыптандырууда активдүү позициясы бар өлкө катары тааныгандыгынын айкын далили болду. Кыргызстан ЭКСПО-2025те мыктылардын катарында.

شیئر کریں: