Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катарлаш өтүп жаткан VII кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган тегерек стол өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги темасы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы инвестициялык кызматташтык болот. Тегерек стол көп полярдуу дүйнөдө туруктуу экономикалык күн тартибин түзүүгө багытталган стратегиялык диалогдун эң маанилүү аянтчасы болуп калат. Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу жолугушуунун маанилүүлүгүн жана эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин көрсөтөт. Конкреттүү долбоорлорго жана практикалык чечимдерге көңүл бурулат. Талкуунун темалары Кыргызстандын экономикасынын келечегин аныктаган артыкчылыктуу багыттарды камтыйт: Санариптештирүү жана технологиялык жаңылоо, Эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү; “Жашыл” энергетикага инвестициялар, ЕАЭБ алкагында кызматташуу. Бул тармактар Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн жана туруктуу өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтары болуп эсептелет. Форум диалог мейкиндиги гана эмес, конкреттүү иш-аракеттердин аянтчасы болуп калат.
نیویگیشن
پورٹل کے تمام حصے
$4.1 ارب
سرمایہ کاری
180+
منصوبے
قومی سرمایہ کاری ایجنسی کے بارے میں
حصہ منتخب کریں
براہ راست
خبر
22 ستمبر، 2025 کو 03:34 AM1 منٹ پڑھنا2
Кыргызстан менен Россия экономикалык өнөктөштүктү чыңдоодо: VII Экономикалык форумдун алкагында негизги инвестициялык диалог
Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катарлаш өтүп жаткан VII кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган тегерек стол өткөрүлөт. И…


