Улуттук агенттик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-марындагы №75 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары – Улуттук агенттик) түзүлгөн.

Улуттук агенттик төмөнкү багыттар боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат:

  • Бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле экспортту илгерилетүү;
  • Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Улуттук агенттиктин максаттары – өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү аркылуу жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвесторлорго көмөк көрсөтүү жана колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле өзгөчө (атайын) экономикалык иш жүргүзүү режими бар эркин жана башка экономикалык аймактарды өнүктүрүү болуп саналат.

Инвестицияларды тартуунун натыйжалуулугун жана координациясын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин
2022-жылдын 15-апрелиндеги №115 “Улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө” Жарлыгынаылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери инвестицияларды экономикага тартуу боюнча милдеттерди Улуттук агенттик менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишке ашырышат.

Мындан тышкары, инвестициялык жол-жоболорду жакшыртуу максатында, ар бир министрликте жана административдик ведомстводо Президенттин өкүлчүлүктөрүндө, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларда жетекчилердин орун басарларынын бири Улуттук агенттик менен инвестицияларды тартуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү функциясы менен ыйгарым укукталган.

Улуттук агенттиктин түзүмүнө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, ошондой эле “Бишкек”, “Нарын”, “Маймак”, “Лейлек”, “Каракол” эркин экономикалык зоналары кирээрин белгилейбиз. Ошондуктан Улуттук агенттик ЭЭЗлардын аймактарындагы жана МЖӨ тармагындагы долбоорлорду коштойт жана ишке ашырат.