2025-жылдын 3-ноябры, Бишкек Тараптар кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле инфраструктура, энергетика, өнөр жай жана инновация жаатындагы өнөктөштүктүн жаңы багыттары талкууланды. Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин стратегиялык мүнөзүн баса белгилеп, эки өлкөнү ишеним, жакшы коңшулук жана өз ара пайда байланыштырып тураарын белгиледи. Ал Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө инвестициялык потенциалды чыңдоого жана социалдык-экономикалык демилгелерди өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча андан аркы кадамдар, анын ичинде 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында пландаштырылган кыргыз-кытай бизнес форумуна даярдык көрүү боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун аягында Равшанбек Сабиров Улуттук инвестициялык агенттиктин кытайлык инвесторлор менен өнөктөштүгүн андан ары бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады.
Navegação
Todas as secções do portal
US$ 4,1 bilhões
Investimentos
180+
Projetos
Sobre a Agência Nacional
Escolher secção
Ao vivo
NOTÍCIA
3 de novembro de 2025 às 12:011 min de leitura0
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин айымдын ортосунда жолугушуу өттү.
2025-жылдын 3-ноябры, Бишкек Тараптар кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле инфраструктура, энергетика, өнөр жай жана инновация жаатындагы өнөктөштүктүн жаңы багыттары талкууланды. Равшанбек Сабиров Кыргызстан менен Кытайдын о…







