Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап беш жылдыздуу отелдин курулушунун жүрүшү жөнүндө
Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап беш жылдыздуу мейманкананын курулушу уланууда. Азербайжан тараптын бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруусу Кыргыз Республикасынын туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу инвестициялык кызматташтыктын бекемделишин чагылдырат.
2025-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Д.ж. Бикулов курулуш аянтына барып, иштин жүрүшү менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти жана долбоорду ийгиликтүү аяктоо үчүн мындан аркы конструктивдүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.
Улуттук агенттик азербайжан тарапка ар тараптуу көмөк көрсөтүп келатканын маалымдайт. Азербайжан тарап колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорду ишке ашыруу процессинде өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун баса белгиледи.
Келечектеги беш жылдыздуу отель 17,2 гектар аянтка жайгашат. Жалпы аянты 29,900 чарчы метрди түзгөн заманбап имараттын жети кабаты ар кандай категориядагы 120дан ашык бөлмөлөрдү камтыйт. Коноктор үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жана көңүл ачуунун кеңири спектри каралган, анын ичинде бассейн, хамам, барлар, аквапарк, боулинг жана футбол талаасы, бул эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.
Долбоордун алкагында жергиликтүү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Тейлөөнүн эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн Азербайжанда персоналды кесиптик окутуу пландаштырылууда.
Курулуштун азыркы этабында 200гө жакын жумуш орундары түзүлгөн, бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жергиликтүү калктын иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түзөт.
Азербайжан тарап курулушту 2026-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин бүткөрүп, объектини пайдаланууга берүүгө ниеттенүүдө. Жаңы отель комплекси туристтерди тартууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун андан ары бекемдөөгө көмөктөшүүчү эс алуунун жана туризмдин заманбап борбору болот.