Улуттук агенттиги «Moscow Startup Summit 2025» катышууда.
Улуттук агенттиги 2025-жылдын 1-2-октябрында Москвада өтүп жаткан “Moscow Startup Summit 2025” Биринчи Эл аралык технологиялык саммитине катышты.
“Moscow Startup Summit 2025” технологиялык ишкердүүлүк, инновациялар жана стартаптар үчүн борбор болуп саналат, глобалдык технология чакырыктарын талкуулоо жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүнүн венчурдук капиталисттерин, корпорацияларын, мамлекеттик мекемелерин жана
изилдөө институттарын бириктирет.
Иш-чараны Сбербанктын Башкармалыгынын Төрагасы Геннадий Греф жана Москванын мэри Сергей Собянин алып барышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына ошондой эле илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин биринчи орун басары А.Чотонов, «Айыл Банк» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Т.Б.Алимджанов, Улуттук агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун өкүлдөрү кирди.
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Д.Ж. Бикулов «БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүндө технологиялык бизнести колдоо жана өнүктүрүү: бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыктарын тең салмактоо» деген темада баяндама жасады. Ал Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууга жана бизнес-процесстерге технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү темасына токтолуп, учурда Улуттук агенттик тарабынан иштелип жаткан «Венчурлук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбооруна токтолду.
“2025-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамы жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн субъекттери үчүн жагымдуу инвестициялык климатты жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган», – деп белгиледи Д.Ж. Бикулов өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө.
Саммиттин жыйынтыгында 2025-жылдын 1-2-октябрында жаңы технологиялар жана инновациялар тармагында иш алып барган орусиялык ири компаниялар менен бир катар жолугушуулар да пландаштырылган.