Токиодо япон биотехнологиялык JFR Co. Ltd. компаниясы менен кызматташуунун келечеги талкууланды

Бүгүн, 19-декабрда, Токио шаарында«Борбордук Азия + Япония» бизнес-форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd. компаниясынын жетекчиси Номибицу Акай менен биотехнология тармагындагы кызматташуу боюнча жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу максатында Кыргызстанда пробиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул жерде жапон сапат стандарттарын жана JFR Co. Ltd. компаниясынын технологияларын колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар Кыргызстандагы агроөнөр жай секторуна заманбап биотехнологиялык чечимдерди киргизүү перспективаларын, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биотехнология тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.