Шаардык инфраструктураны модернизациялоого инвестиция тартуунун келечеги талкууланды
Бүгүн, 16-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу ири эл аралык иш-чаралар өткөрүлгөн аянттарды жарыктандыруу долбоорлоруна катышкандыгы айтылды.
Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда көчө жарыктандыруу системаларын жана фонардык инфраструктураны орнотуу жана модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти. Өзгөчө көңүл алдыдагы ШКУ иш-чараларына даярдыктын алкагында шаардык инфраструктураны модернизациялоо иштерине компаниянын мүмкүн болгон катышуусуна бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуунун келечеги, жарыктандыруу тармагында заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инфраструктураны модернизациялоо маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыктын мүмкүн болгон форматтары жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

