Равшанбек Сабиров Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Равшанбек Сабиров Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

       

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытай Эл Республикасынын Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. (Taifaxian Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ), түз чет өлкөлүк инвестициялардын, ошондой эле кытай компаниясы олуттуу практикалык тажрыйбага ээ болгон курулуш жана энергетика тармактарында узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын ишенимдүү эл аралык инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин белгилеп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган жаңы “Инвестициялар жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам инвесторлор үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүп, алардын укуктарынын жана салынган инвестицияларынын корголушуна мамлекеттик кепилдик берет. Биз түз инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга толук даярбыз», — деди Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун алкагында бир катар ири приоритеттүү инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү. Алардын катарына Чаткал каскадын куруу, Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу, «Ала-Тоо Резорт» туристтик долбоорун өнүктүрүү, «Ат-Башы» эл аралык соода-логистикалык борборун түзүү, «Топурак-Бел» шамал электр станциясын куруу, ошондой эле Түрксиб — Балыкчы темир жол тилкесин жана «Асман Сити» долбоорлору.

Сунушталган долбоорлор кытай делегациясынын олуттуу кызыгуусун жаратты. Талкуунун жүрүшүндө инфраструктуралык жана девелопердик компоненттерди ишке ашырууга компаниялардын катышуусунун мүмкүн болгон форматтары, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана түз инвестициялар каралды. Жыйынтыгында тараптар курулуш, энергетика жана шаардык инфраструктура тармактарындагы инвестициялык долбоорлорун, кызматташтыктын конкреттүү багыттарын мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга жана диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

1983-жылы негизделген Shaanxi Taifaxian Industrial Group Co., Ltd. Кытай Эл Республикасынын ири жеке менчик диверсификацияланган өнөр жай-инвестициялык тобу болуп саналат. Компания Шэньси провинциясында, Ички Монголия автономдук районунда (Ордос шаары), ошондой эле КЭРдин башка аймактарында ишмердүүлүк жүргүзөт жана аймактагы кыймылсыз мүлк жана энергетика тармактарында алдыңкы 50 ири компаниянын катарына кирет.Топ төмөнкү багыттарда адистешкен:

  • турак жай, коммерциялык жана инфраструктуралык объекттерди куруу;
  • энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу;
  • инвестициялык жана девелопердик ишмердүүлүк;
  • комплекстүү долбоорлорду башкаруу.