Равшанбек Сабиров Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу чаралары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасындагы учурдагы инвестициялык климат, инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттары жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу маектешти.
Маектин жүрүшүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөдө бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу маселелери талкууланды. Равшанбек Сабиров ошондой эле Кыргызстанда инвестицияларды тартуу жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.
