Р. А. Сабиров 85-кесиптик лицейдин 100 жылдык мааракесине жана жашыл энергетика боюнча окуу борборунун ачылышына катышты
23-октябрь 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин Директору Р.А. Сабиров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 85-кесиптик лицейинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле жашыл энергетика боюнча окуу борборунун ачылыш аземине катышты.
Өз сөзүндө Р.А. Сабиров профессордук-окутуучулук курамын, студенттерди жана бардык катышуучуларды лицейдин мааракеси жана жаңы борбордун ачылышы менен кызуу куттуктап, мындай деп белгиледи:
“Жашыл энергия” окуу борбору жөн эле имарат эмес, өлкөбүздүн келечегине, билим берүүнү, илимди өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муундун мүмкүнчүлүктөрүнө салынган инвестиция.
Улуттук агенттиктин атынан Р.А. Сабиров Түрк кызматташтык жана координация агенттигине (ТИКА) жана Түркия Республикасынын өкмөтүнө бул социалдык маанилүү долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу жана достук катышуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал “Жашыл энергетика” окуу борбору квалификациялуу адистерди даярдоодо, таза энергия булактарын өнүктүрүүдө, экономиканы чыңдоодо, инновацияларды жайылтууда, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда маанилүү аянтча болоорун баса белгиледи.
Салтанаттын аягында Р.А. Сабиров улуттук агенттиктин атынан Мехмет Бодур мырзага кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоого, социалдык демилгелерди ишке ашырууга жана Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.