ОсОО «Орион Грант» тарабынан заманбап ковролин өндүрүшүнүн ачылышы



Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров «Орион Грант» ЖЧКсынын өндүрүш аянтчасынын ачылышына катышты. Компания «Бишкек» ЭЭА (эркин экономикалык аймагы) заманбап ковролин продукцияларын чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашырууда.
Аянты 3 962 чарчы метр болгон өндүрүш имаратынын курулушу аяктап, Түркиядан алып келинген атайын жабдуулар орнотулду. Жалпы инвестициялардын көлөмү болжол менен 300 млн сомду түзөт, алардын ичинен 1 млн АКШ долларын Кыргыз–Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.
Равшанбек Сабиров өндүрүштүн технологиялык жабдылышынын жогорку деңгээлин жана процесстердин натыйжалуу уюштурулушун белгилеп өттү:
«Заманбап жабдуулар, сапаттуу түзүлгөн технологиялык цикл жана кесипкөй команда — дал ушундай долбоорлор өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргыз Республикасынын аймактагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөтөт», — деди ал.
Ишкананын долбоордук кубаттуулугу айына 100 000 чарчы метрден ашуун даяр продукцияны түзөт. Биринчи этапта Борбордук Азия жана ЕЭБ рынокторуна багытталган ковролиндин төрт түрү ишке киргизилди. Ишкананын базасында 30 жумушчу орун түзүлдү.