Орозо айтыңыздар жана Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Орозо айтыңыздар жана Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди ыйык Орозо айт жана Нооруз майрамдарыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Орозо айт — жогорку руханий баалуулуктарды даңазалаган, сабырдуулуктун, боорукерликтин жана кайрымдуулуктун маанисин терең ачып берген ыйык майрам. Ал эми Нооруз — жаңылануунун, жаздын келишинин, үмүт менен жаңы башталыштардын символу катары ар бирибизге дем-күч тартуулайт.

Бул кош майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак жана береке алып келсин. Коомубузда туруктуулук, өз ара түшүнүшүү жана жарандык биримдик бекем болсун!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайбыз. Ар бир үйдө аманчылык, молчулук жана жакшылык өкүм сүрсүн!

Орозо айтыңыздар жана Нооруз майрамыңыздар кут болсун!