Орловка шаарынын мэриясы “Орловка шаарындагы газобетон блогун чыгаруучу завод үчүн эски откананы реконструкциялоо” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырат.

Долбоорду ишке ашыруу төмөнкү иш-чараларды аткарууну карайт::
Орловка шаарындагы мурунку жылуулук электр станциясынын (буу казаны) ордуна курулуш материалдарынын заманбап өндүрүштүк линиясын куруу, айрыкча газобетондук блок:
Объекттин жалпы аянты: 25,000 м2
Жылдык кубаттуулугу: 90,000 м3 газоблок.
Долбоор газобетон блокторун өндүрүү боюнча заманбап ишкананы түзүүнү карайт.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми тобокелдиктерди муниципалдык органдар менен жеке сектордун ортосунда оптималдуу бөлүштүрүүгө, социалдык жана экономикалык максаттарга жетүүгө, ошондой эле бюджеттик жана финансылык көрсөткүчтөргө ылайык келүүгө мүмкүндүк берет.
Конкурска катышуу үчүн квалификация суроо-талабы менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: ЗК
Квалификациялык тандоого билдирмеси жана ага тиркелген документтери менен Конверт төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Орловка шаарынын мэриясы, Кемин району, Орловка шаары, Кудряшов көчөсү 16 же курьердик кызмат аркылуу почта аркылуу 11 наябрьда 2025 жылы
Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча Орловка шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот: тел.: +996 709 593 789, же МЖӨ борборуна тел: 30 01 76.