NWT Group компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

NWT Group компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров эл аралык өнөр жай холдинги NWT Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика жана өнөр жай инфраструктурасы тармагында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, бизнес жүргүзүүнүн учурдагы шарттары, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине, заманбап теплица комплекстерин курууга жана туруктуу энергетикалык инфраструктуранын маанилүү элементи катары биогаз станцияларын өнүктүрүүгө токтолушту.

Тараптар компаниянын эл аралык тажрыйбасын, анын ичинде Европа өлкөлөрүндө ишке ашырылган долбоорлорду жана чет өлкөлүк рыноктордогу ишмердүүлүгүн талкуулашты.

«Биз татаал инженердик долбоорлорду ишке ашырууда практикалык тажрыйбасы бар эл аралык өнөр жай компаниялары менен кызматташууну өнүгүүнүн маанилүү багыты катары карайбыз. Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыт болуп ачыктык принциптерин сактоо, инвесторлордун укуктарын коргоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу аркылуу энергетикалык жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды тартуу саналат», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын кошумча иштеп чыгууну жана келечектүү инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашууну улантууга макулдашышты.