Нарын облусунда күн электр станциясын куруу долбоору боюнча Турукташтыруу режимине кол коюлду
Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте күн электр станциясын куруу жана андан ары эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу Турукташтыруу режимине кол коюлду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов катышты. Турукташтыруу режими «Солар Системс» ЖЧКсы жана «АСТ Империал» ЖЧКсы менен кол коюлду.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясын курууну карайт. Станциянын кубаттуулугу 325 МВтты түзүп, алдын ала инвестициянын көлөмү 200 миллион АКШ долларына бааланууда.
Турукташтыруу режимине кол коюу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат жана инвесторлор үчүн жагымдуу, алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө, ошондой эле инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун бардык мезгилинде укуктук жана экономикалык режимдин туруктуулугун камсыздоого багытталган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн энергетикалык балансында кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүгө, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана туруктуу, экологиялык таза энергетиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, күн электр станциясынын курулушу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, курулуш жана эксплуатация этаптарында жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле Нарын облусуна кошумча инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана стратегиялык инвесторлорду тартуу боюнча системалуу иштерди улантууда.



