«Нарын» эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун добуш берүү укугуна ээ толук кандуу мүчөсү болду
«Нарын» эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization (WFZO) уюмунун добуш берүү укугуна толук кандуу мүчөсү статусуна ээ болду. Бул Кыргыз Республикасынын глобалдык инвестициялык жана экономикалык мейкиндикке интеграцияланышындагы маанилүү жетишкендик болуп саналат.
WFZO уюмуна толук кандуу мүчө катары кирүү «Нарын» ЭЭАсы үчүн бир катар стратегиялык артыкчылыктарды ачат. Атап айтканда, эркин экономикалык аймактарды башкаруунун алдыңкы эл аралык тажрыйбасына жетүү, уюмдун күн тартибин калыптандырууга катышуу, ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы инвесторлору жана ЭЭА операторлору менен түз байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
WFZO алкагында добуш берүү укугуна ээ болуу «Нарын» ЭЭАсына уюмдун негизги чечимдерин кабыл алууга катышууга, инвестициялык климатты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди илгерилетүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.\
WFZOго мүчөлүк «Нарын» ЭЭАсынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, эл аралык аренада оң имиджин калыптандырууга жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, технологияларды трансферлөө, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
WFZO уюмунун ишмердүүлүгүнө активдүү катышуу аймакты өнүктүрүүдө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууда маанилүү фактор болору күтүлүүдө.
«Нарын» ЭЭАсы берилген мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу аркылуу эл аралык кызматташууну тереңдетүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенет.
