МЖӨ борборунун долбоордук портфели: 2025-жылдын жыйынтыктары жана инвестициялык өсүштүн негизги драйверлери

МЖӨ борборунун долбоордук портфели: 2025-жылдын жыйынтыктары жана инвестициялык өсүштүн негизги драйверлери

 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели 90дон ашуун долбоорду камтып, жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 434 миллиард сомдон ашты. Бүгүнкү күндө МЖӨнүн 65 долбоору активдүү ишке ашыруу баскычында турат. Өткөн жылы транспорт, логистика, айыл чарба, экология жана калдыктарды башкаруу, туризм, билим берүү жана коммуникациялар тармактарында 14 жаңы МЖӨ макулдашуусуна кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын экономикасына 3,9 миллиард АКШ долларынан ашык жеке инвестиция тартылды.

Айрыкча 2025-жылы кол коюлган жана инвестициялык өсүштүн локомотивине айланган долбоорлор өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Алардын катарына «Төө-Ашуу» ашуусу аркылуу өтүүчү «Келечек» альтернативдүү акы төлөнүүчү тоннелин (Бишкек–Ош автоунаа жолу) куруу жана пайдалануу», «Трансевразиялык маршрут» долбоорун ишке ашыруу», «Бишкек шаарынын чыгыш айланма автоунаа жолун куруу жана пайдалануу», «Кара-Суу шаарында соода-логистикалык борборду куруу жана башкаруу» долбоорлору кирет.

2025-жылы МЖӨ долбоорлорунун салтанаттуу ачылыштарынын арасында аймактык инфраструктураны жана саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого багытталган долбоорлор болду. Алардын ичинде Ош шаарындагы «Булак» спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин базасында түзүлгөн «U Nexus Hub» инновациялык борбору, ошондой эле Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору бар.

Жылдын маанилүү жыйынтыктарынын бири катары 2025-жылдын 23–24-октябрында Бишкек шаарында «Мамлекет жана бизнес: бекем өнөктөштүк үчүн синергия» урааны алдында IV Эл аралык МЖӨ конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Нурлан Акматов, ошондой эле эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, бизнес чөйрөлөрүнүн жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

IV Эл аралык МЖӨ конференциясы Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулоо үчүн маанилүү аянтчага айланды. Иш-чаранын алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык каржы институттарынын, бизнестин жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүү боюнча тажрыйба жана көз караштар менен бөлүшүштү. МЖӨ инфраструктураны модернизациялоонун, инновацияларды киргизүүнүн жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуунун натыйжалуу инструменти экени белгиленди.

Кызматташтыктын алкагында МЖӨ борбору Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) жана Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) менен биргеликте масштабдуу окутуу программасын ишке киргизди. 2025-жылы долбоорлорду структуралаштыруу боюнча тренингдер өлкөнүн бардык аймактарынан келген мамлекеттик кызматкерлерди камтыды. Ал эми КРСУнун базасына МЖӨ боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген окуу дисциплинасы киргизилди. Конференциянын жүрүшүндө ЕАӨБ менен калдыктарды башкаруу тармагындагы экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилип, анын жыйынтыгында ЕАӨБ Кыргыз Республикасында МЖӨ борборунун негизги эл аралык өнөктөшү катары таанылды.

Жылдын маанилүү баскычы катары МЖӨ борбору менен Евразия өнүктүрүү банкынын биргелешкен демилгеси болгон МЖӨ Академиясынын түзүлүшү белгиленди. Бул долбоордун алкагында КРСУнун базасында адистештирилген мультимедиалык аудитория ачылып, эл аралык стандарттарга шайкеш келген өзүнчө окуу дисциплинасы киргизилди. Бул академиялык база Кыргыз Республикасында МЖӨ тармагы үчүн кесипкөй кадрларды системалуу даярдоого жана узак мөөнөттүү келечекте кадрдык резервди калыптандырууга багытталган.

Компетенцияларды өнүктүрүү жана долбоорлордун санынын өсүшү 2025-жылы жүргүзүлгөн олуттуу мыйзамдык реформа менен бекемделди. МЖӨ жөнүндө мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр инвесторлор үчүн жол-жоболорду олуттуу жеңилдетти: чакан долбоорлорду ишке киргизүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби киргизилип, ошондой эле муниципалдык жерлерди жана мүлктү аукцион өткөрбөстөн жеңилдетилген ижара акысы менен берүү нормасы каралды. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин бизнес үчүн ачык-айкын жана жагымдуу кылды.