Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык чөлкөмгө айлантуу саясаты улантылат

Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык чөлкөмгө айлантуу саясаты улантылат

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/.

Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң жагымдуу инвестициялык чөлкөмдөрдүн бирине айландыруу үчүн ачык, өнөктөштүк саясат улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.

Президент белгилегендей, жеке жана чет элдик капитал коопсуздукта сакталган жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөгө айланат.

Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү Кыргызстан иштөөгө, өндүрүүгө жана экспорттоого ыңгайлуу өлкө болуп калды. Бүгүнкү күндө өлкөгө чет элдик инвесторлордун катышуусун күчөтүү, жеке капиталдын өнөр жайга, кайра иштетүүгө, энергетика долбоорлоруна, санарип технологияларга, айыл чарбасына жана логистикага агылышын кеңейтүү зарыл. Инвестициялар ар бир региондун, ар бир сектордун кыймылдаткыч күчүнө айланышы керек.

“Учурда негизги капиталга инвестициялар өсүүдө. Бул жаңы ишканалардын ачылышы, өнөр жайдын өнүгүшү, заманбап объектилердин курулушу жана миңдеген жумуш орундардын түзүлүшү дегенди билдирет. Барган сайын көп жарандарыбыз өндүрүшкө, кайра иштетүүгө, фермердик чарбаларга жана инновацияларга каражат салууда. Демек, бул – мамлекетке болгон бекем ишеничтин далили.

Бүгүн Кыргызстан эл аралык бизнес үчүн барган сайын жагымдуу өлкөгө айланып баратат. Чет элдик инвестициялардын өсүшү, ири компаниялардын кызыгуусу, ресурстарыбызга, инфратүзүмдөрүбүзгө жана реформаларыбызга көңүл бурушу биздин туура жолдо бара жаткандыгыбыздын көрсөткүчү.

Инвесторлор өздөрүн мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоодо тургандыгын сезиши үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз. Инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөтүп жатабыз: макулдашууларды кыскарттык, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык, санариптик кызматтарды киргиздик”, – деди өлкө башчысы.