Кыргызстандагы ишкерлерди коргоо жана инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча ачык диалог
2025-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын рыноктор, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясы тарабынан уюштурулган, өлкөдөгү ишкерлердин укуктарын коргоого жана инвестициялык климатты өнүктүрүүгө арналган жыйын өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Азатович Сабиров, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ишкерлер жана тармактык ассоциациялардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда мамлекеттик органдардын жана бизнес секторунун өкүлдөрүнүн ортосунда ачык диалог болду. Катышуучулар ишкерлер туш болгон учурдагы кыйынчылыктарды, бизнести укуктук жактан коргоону, административдик тоскоолдуктарды жоюуну жана инвестицияларды илгерилетүүнү жакшыртуу жолдорун талкуулашты.
2025-жылдын 30-октябрында өткөн биринчи ачык диалогдун натыйжасында экинчи жолугушуу болуп өттү, ага бизнес коомчулугунун 30дан ашык өкүлү, ишкерлер жана тармактык ассоциациялардын жетекчилери катышты. Башталган ишти улантып, катышуучулар мурда иштелип чыккан демилгелерди ишке ашырууну талкуулап, Кыргыз Республикасындагы бизнес чөйрөсүн жакшыртуу жана инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча сунуштар менен алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Равшанбек Азатович Сабиров ишкерлерди жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн белгиленген жол-жоболорго ылайык андан ары карап чыгуу үчүн өздөрүнүн сунуштарын жана көйгөйлөрүн жазуу жүзүндө берүүгө чакырды. Ал Улуттук агенттиги конструктивдүү кызматташууга ачык экенин жана актуалдуу маселелерди тез арада чечүү жана мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн ушул сыяктуу ачык жолугушууларды жана диалог аянтчаларын өткөрүүнү уланта берерин баса белгиледи.