Кыргызстанда күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө

Кыргызстанда күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана аталган агенттикке караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районунун Конорчок айылында кубаттуулугу 150 МВтка чейинки күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду илгерилетүүнүн жыйынтыктоочу этабына чыгышты.

Долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда жана өлкөдө калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүнүн алкагындагы кадамдардын бири катары каралууда. «Жашыл» энергетиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

«Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн энергетика тармагы үчүн маанилүү. Ал кайра жаралуучу энергетика секторуна жеке инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт», — деп белгиледи, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Анын айтымында, мындай демилгелерди ишке ашыруу энергия булактарын диверсификациялоого жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясынын тартыштыгын жарым-жартылай кыскартууга, ошондой эле энергетика тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу боюнча практикалык негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.