Кыргызстан «жашыл» энергетика тармагында инвестициялык кызматташууну кеңейтүүдө
Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров CECEP Solar Energy Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда кайра жаралуучу энергетика тармагында кызматташуунун жана инвестицияларды тартуунун келечеги талкууланды. Негизги маселе күн энергетикасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, кайра жаралуучу энергия булактарынын объекттерин куруу жана пайдаланууга берүүгө, заманбап экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, ошондой эле компаниянын Кыргыз Республикасындагы инвестициялык портфелин кеңейтүү боюнча өттү. Белгиленгендей, CECEP Solar Energy Co., Ltd. Баткен облусунда «Ак-Татыр» күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашырууда.
«Кыргыз Республикасы кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө артыкчылык берет. CECEP Solar Energy Co., Ltd. менен кызматташуу күн энергетикасы тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда, алдыңкы технологияларды киргизүүдө жана өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун чыңдоодо маанилүү кадам катары каралат», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин, инвестициялык келишимдерди жана башка инструменттерди карап чыгышты. Компаниянын өкүлдөрү учурдагы долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандагы инвестициялык ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана энергетика тармагындагы конкреттүү долбоорлорду мындан ары да биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.



